Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Ооганстанда талибдердин чабуулунан тогуз кишинин өмүрү кыйылды


Дайкунди чөлкөмү. Иллюстрациялык сүрөт
Дайкунди чөлкөмү. Иллюстрациялык сүрөт

Ооганстанда талибдердин күчтөрү Дайкунди чөлкөмүндөгү айылга чабуул койгондо бери дегенде тогуз киши мерт кетти. Арасында үч жаш бала бар. Хазарлар байырлаган айылдын уруу аксакалдары эки күн мурун болгон окуя тууралуу жекшембиде маалымдашты.

БУУнун балдар агенттиги – ЮНИСЕФ билдиргендей, 1-14 жаштагы балдардын өмүрү кыйылды. “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) окко учкандарды куралчан козголоңчулар деп атап, балдардын өлүмүн четке кагууда.

Amnesty International укук коргоо уюму талибдер хазар азчылыктарын бутага алат деп буга чейин айыптап келген.

"Талибан" Ооганстандагы бийликке кайтып келген 2021-жылдын августунан бери адам укуктарынын абалы кескин начарлаган. Өзгөчө кыз-келиндер, диний жана улуттук азчылыктар жабыркап келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG