Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:45

Орусиянын эки облусунун жетекчилиги чек арада айылдар аткыланганын маалымдады


Орусиянын полициясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын полициясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Курск облусунун губернатору Роман Старовойт Телеграмдагы каналында Украина менен чектешкен эки айыл украин күчтөрү тараптан аткыланганын маалымдады.

Анын айтымында, Гуево айылына 15 ирет, Кучерово айылы 10 чакты аткылоого кабылды. Дүрмөттөр короолорго жана көчөлөргө түшкөн. Жабыркагандар жок.

Бул арада чек аралаш Белгород облусунун жетекчиси Вячеслав Гладков да аймакта эки айылга жекшемби күнү ок түшкөнүн, турак жайлар талкаланганын, жабыркагандар жок экенин тактады.

Москва Украинага кол салгандан бери Орусиянын чек аралаш бир нече аймактарында жарылуулар, аткылоолор болгонун билдирип, Киевди айыптап келет. Анын ичинде Белгород, Брянск, Курск жана Воронеж облустарында күйүүчү май сактаган кампалар, мунай базалары, курал-жарак кампалары күйүп кеткен. Украинанын Коргоо министрлиги бул чабуулдар тууралуу комментарий берген жок.

10-октябрдан бери орусиялык армия Украинанын энергетикалык жана башка маанилүү объектилерине сокку уруп жатат. Орус армиясы Украинага быйыл 24-февралда кол салган. (ErN)

XS
SM
MD
LG