Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Швеция "Күрддөрдүн жумушчу партиясынын" мүчөсүн Түркияга экстрадициялады


Швециянын полициясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Швециянын полициясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Швеция түрк бийлиги террордук уюм деп эсептеген "Күрддөрдүн жумушчу партиясына" мүчө болгону үчүн соттолгон биринчи жаранды Түркияга экстрадициялады. Бул тууралуу Түркиянын NTV телеканалы кабарлады.

Махмут Тат Түркияда 7 жылча убакытка кесилген жана 2015-жылы Швециядан баш паанек сураган. Ал Стамбулга алып келинип, камакка алынды.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Финляндия менен Швеция тең салттуу нейтралитет макамынан баш тартып, НАТОго кирүүнү чечкен. Ага кирүү альянска мүчө мамлекеттердин бардыгынын бир добуштан колдоосун талап кылат.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган НАТОго Финляндия менен Швецияны кабыл алууга каршы экенин жарыялап, аларды "террордук уюмдарды көбөйтүүдө" деп айыптаган. Буга мисал катары ал аталган өлкөлөр бир топ күрд тектүүлөргө башпаанек берген. Анкара аларды терроризмге айыпталган "Күрддөрдүн жумушчу партиясы" менен байланышы бар деп эсептейт. Натыйжада, Анкарага эки өлкөнүн уюмга кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөргө бөгөт койгон.

Кийин Финляндия менен Швеция Түркия менен коопсуздук боюнча макулдашуу кабыл алган. Түрк президентинин администрациясы Финляндия менен Швеция күрддөрдүн уюмун мындан ары колдобоого милдеттеме алганын маалымдаган. Бул өлкөлөр ошондой эле Анкара талап кылган 30дай адамды Түркияга экстрадициялоого макул болгону айтылган.

НАТО (Түндүк атлантикалык аскердик уюм) 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн. Ага алгач 12 мамлекет кирген. Учурда АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30 мамлекет мүчөлүк кылат. Жаңы эки мүчөнү кабыл алууну ушуга чейин Түркия менен Венгриядан башка 28 мамлекет ратификациялады. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG