Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Кытайдын үч астронавты алты айдан кийин Жерге кайтып келди


Кытайдын астронавттар Чен Донг, Лю Ян жана Цай Сюжэ.
Кытайдын астронавттар Чен Донг, Лю Ян жана Цай Сюжэ.

Кытайдын үч астронавты "Тяньгун" ("Асмандагы хансарай") космостук станциясынын курууда өздөрүнүн алты айлык миссиясы аяктап Жерге кайтып келди. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик телеканалдары кабарлады.

Командир Чен Донг жана астронавттар Лю Ян менен Цай Сюжэ түшкөн капсула жекшемби күнү Кытайдын түндүгүндөгү Гоби чөлүнө келип конду. Алар июнда учуп кетишкен.

"Тяньгун" Кытайдын бийлиги өз алдынча куруп жаткан космостук станция. Аны куруу иштери былтыр башталган. Андан бери бир нече миссия станциянын ар кайсы бөлүктөрүн алып чыкты. Эгер толук курулуп бүтсө космостук станциясынын жалпы салмагы 100 тоннага жетет.

1970-1980-жылдары СССР биринчилерден болуп орбитада “Салют”, “ДОС” деп аталган чакан модулдук космостук станцияларды жана алардын жаңы версияларын курган. Бул убакта АКШ “Скайлэб” деп аталган станцияны иштеткен. 1989-жылдан Орусиянын “Мир” деп аталган станция изилдөө жумуштарын алып барып, 2001-жылы жарактан чыккан.

АКШ, Орусия, Жапония, Канада баштаган 14 өлкө биргеликте 1998-жылы Эл аралык космостук станция курушкан. Анын иш мөөнөтү 2028-2030-жылга чейин деп белгиленген. Ал жарактан чыкса Кытайдын "Тяньгун" станциясы космостогу туруктуу иштеген бирден-бир станция болуп калат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG