Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Мурадилаевдин операциясы үчүн президент 42 миң доллар бөлгөнү маалым болду


Азиз Мурадилаев Алымбек датканын ролунда.
Азиз Мурадилаев Алымбек датканын ролунда.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадилаевдин боорун алмаштыруу үчүн жетпей жаткан 42 миң долларды президент Садыр Жапаров бөлүп берди. Бул тууралуу акча чогултуу акциясын уюштуруп жаткан алып баруучу Ассоль Молдокматова Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.

Ал буга чейин актердун боорун алмаштыруу үчүн тез арада чет өлкөдө операция жасалышы керектигин, ага 45 миң доллар сарпталарын белгилеген. Акциянын алкагында калктан 3 миң доллардай топтолгону айтылган.

Мурадилаев оор абалда Бишкектеги ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ал гепатиттин С түрүнө чалдыгып, оорусу боордун циррозуна өтүшүп кеткен. 2016-жылы Москвадан жана Түркиядан дарыланып келген. Анда боорун алмаштыруу зарылчылыгы жок экени айтылып, Азиз Мурадиллаев ошол кезде элден чогултулган акчанын калганын режиссер, актер Мурат Мамбетовдун уулунун дарылануусуна берген.

1978-жылы туулган Мурадилаев бир нече кино жана театралдык оюндарда роль аткарган. Коомчулукта “Курманжан Датка” тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарганы менен белгилүү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG