Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Бишкекте манасчы Салимбай Турсунбаев эскерилди


Салимбай Турсунбаев.
Салимбай Турсунбаев.

Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада белгилүү манасчы, маркум Салимбай Турсунбаев эскерилди. Иш-чарага бир катар коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, манасчылар жана Турсунбаевдин жакындары катышты.

Эскерүү кечесинде Салимбай манасчынын вариантындагы “Чоң казат” китебинин жана “Санаты сансыз – Салимбай” аттуу эскерүүлөрдөн турган жыйнактын бет ачары болду.

“Чоң казат” Улуттук “Манас” театрынын колдоосу менен жарык көрсө, Турсунбаевдин чыгармачылыгына арналган эмгек анын жакындарынын колдоосу менен чыккан.

1959-жылы 13-январда Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кайырма кыштагында туулган Салимбай Турсунбаев 1986-жылдан бери "Манас" айтып келген.

Кесиби боюнча – энергетик. Манасчы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жашап, энергетика адистиги боюнча Токтогул ГЭСтер каскадында эмгектенип келген. Мындан тышкары, Кара-Көл шаардык Маданият үйүнүн усул бөлүмүндө башкы усулчу, “Балдардын атайын билим берүү борборунда” “Манас сабагы” боюнча мугалим болуп эмгектенип, жаш манасчыларды таптаган.

“Маданияттын мыкты кызматкери” Турсунбаев 2021-жылдын 22-сентябрында кан басымы көтөрүлүп кетип, каза тапкан. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG