Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Шаардык сот Канатбек Исаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды


Канатбек Исаев. 21-ноябрь, 2022-жыл.
Канатбек Исаев. 21-ноябрь, 2022-жыл.

Бишкек шаардык соту саясатчы , Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канатбек Исаевдин бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызды карап, биринчи инстанциянын 23-декабрга чейин тергөө абагында камоо чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” саясатчынын жакындары маалымдады.

Биринчи май райондук соту 21-ноябрда Исаевдин тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы бир айга узартуу чечимин чыгарган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ага козголгон кылмыш ишинде "жашыруун" деген гриф бар экенин жарыялаган. Сот отурумдары жабык өтүп жатат.

Канатбек Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу саясатчы жана активисттер менен катар 23-октябрда кармалган. Биринчи май райондук соту ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында убактылуу кармоочу жайга камалганын, тергөө абагында 23-ноябрга чейин болорун билдирген.

Сот УКМК тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Исаевдин 2018-жылдын октябрында тандалган эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт чарасын өзгөрткөн.

2017-жылы саясатчы "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деген шек менен камалган. Ушул иштин алкагында ал УКМКнын тергөө абагында дээрлик бир жыл отурган. 2018-жылы 18-июлда Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган. (TSh)

XS
SM
MD
LG