Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Кыргыз-өзбек жарандары үчүн эки өлкөгө кирип-чыгуу тартиби жеңилдейт


"Достук". Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын чек арадан өтүүсүн жеңилдеткен келишимди жактырды.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин маалыматына караганда, бул келишимдин негизинде эки өлкөнүн жарандары чек арадан ID-карт менен өтө алышат. Балдар жалпы жарандык паспорт менен өткөрүлөт. Сөз болуп жаткан макулдашуу качан ишке киргизилери маалымдалган жок.

Азыр эки өлкө тургундары тигил же бул жака жалпы жарандык паспорт менен өтүшөт.

Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда бир нече чек ара бекети иштеп жатат. Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылган. Көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери ишин жанданткан.

Өзбекстандыктар Кыргызстандын аймагы аркылуу башка мамлекеттерге кетишет, айрымдары бул жакта ар кандай жумуштарда иштешет. Көп киши каттаган Ош облусундагы "Достук" чек ара бекетинин ишине буга чейин коомчулукта нааразылык да айтылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG