Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:04

Тышкы иштер министри АКШнын элчиси менен жолукту


Элчи Лесли Вигери жана министр Жээнбек Кулубаев.
Элчи Лесли Вигери жана министр Жээнбек Кулубаев.

Тышкы иштер министри (ТИМ) Жээнбек Кулубаев 6-декабрда Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырууга байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.

Жолугушууда тараптар өз ара кызматташууну, анын ичинде “Борбор Азия + АКШ” форматындагы алака тууралуу сүйлөшүштү. Аймактагы коопсуздук тууралуу да сөз болду.

20-ноябрда АКШнын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Лесли Вигери Мамлекеттик департаментте ант берип, кызматка киришкен. Вигери буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаментиндеги бюродо Борбор Азия жана Пакистан боюнча катчынын жардамчысынын орун басары болуп иштеген.

АКШнын Кыргызстандагы буга чейинки элчиси Дональд Лу өткөн жылы мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы болуп дайындалган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG