Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:48

Блинкен: АКШ украиндердин Орусиянын аймагына сокку урушуна шыкак бербейт


Орусиянын "Энгельс-2" авиабазасы чабуулдан кийин. 2022-жылдын 5-декабры.
Орусиянын "Энгельс-2" авиабазасы чабуулдан кийин. 2022-жылдын 5-декабры.

АКШ жана анын өнөктөштөрү орусиялык агрессиядан коргонуу үчүн Украинага колунан келген жардамын берүүгө дайым даяр, бирок Орусиянын аймагына сокку урушуна шыкак бербейт. Бул тууралуу 6-декабрда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди.

Блинкендин мындай билдирүүсү Орусиянын авиабазаларына учкучсуз учактар менен жасалган чабуулдар үчүн расмий Киевди айыптаган маалыматтар чыга баштаганда жарыяланды.

«Биз украиналыктарга Орусиянын аймагына сокку урууга мүмкүнчүлүк түзүп же дем бергидей болгон жокпуз. Бирок орусиялык агрессиянын айынан украиналыктар күн сайын эмне деген абалда калып жатканын да түшүнүү керек», — деген Блинкен Орусия Украинанын жарандык инфраструктурасын талкалоо үчүн кыш мезгилин курал катары колдоно баштаганын айтып айыптады.

Андан мурдараак АКШ президенти Жо Байден Вашингтон Украинага алыскы аралыкка жете алчу ракеталык комплекстерди сунуштабай турганын, себеби кармаштын ырбап кетишине жол бербөө маанилүү экенин айткан.

Орусиянын Курск облусундагы аэродромго 6-декабрда учкучсуз аппараттан сокку урулуп, мунай сактоочу резервуар күйүп кетти. 5-декабрда реактивдүү кыймылдаткычы бар эки учкучсуз аппарат Саратов жана Рязань облустарындагы стратегиялык аэродромдорго чабуул койгон. Орус тарап муну Украинадан көргөн. Киев расмий комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG