Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Аба ырайы: Кар жаайт 


Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 7-8-декабрдагы жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-75 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кар көчкү жүрүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Машинелердин ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек.

Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаап, туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6,

Талас жергесинде түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5,

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -5…-10,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7.

Бишкекте кар жаап, туман түшөт. Абанын түнкү температурасы -5…-7°, күндүз -3…-5 градус суук болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG