Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Валерий Кичин жылдын мыкты футболчусу наамын алды


KFU Football Awards 2022 сыйлык тапшыруу аземи. Бишкек. 7-декабрь, 2022-жыл.
KFU Football Awards 2022 сыйлык тапшыруу аземи. Бишкек. 7-декабрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин ("Енисей", Орусия) "Жылдын мыкты футболчусу" аталды. Мындай наам ага 7-декабрда Бишкекте өткөн KFU Legend Awards-2022 деп аталган иш-чарада ыйгарылды. Бул наам үчүн Кичинден сырткары жарым коргоочу Алимардон Шукуров ("Неман", Беларус) менен дарбазачы Эржан Токотаев ("Туран", Казакстан) ат салышты.

Кыргызстандын футбол бирлиги уюму 10 номинация боюнча жыл мыктыларын аныктады. “Жылдын мыкты футбол калысы” наамын Рамина Цой жеңип алды. Ал бул наамга ээ болгон биринчи айым болуп калды.

Рамина Цой сыйлык тапшыруу аземинде.
Рамина Цой сыйлык тапшыруу аземинде.

Бул номинацияга Рамина Цойдон сырткары Дайырбек Абдылдаев менен Денис Шалаев да ат салышкан. Рамина Цой быйыл август айында Коста-Рикада өткөн кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча жаштардын Дүйнө чемпионатында (U-20) рефердин ассистенти катары үч оюнга чыкты. Андан тышкары бир катар эл аралык беттештерде калыстын жардамчысы болду. Ал ФИФА калысынын ассистенти катары 2018-жылдан бери иштеп келет.

"Жылдын мыкты футболчу айымы" наамы Нурсулуу Мурзакуловага ыйгарылды. “Жылдын мыкты машыктыруучусу” наамы "Абдыш-Ата" футбол клубунун башкы машыктыруучусу Жейлан Ариканга тапшырылды. Ал машыктырган клуб быйыл өлкө чемпиондугун, Кыргызстандын кубогун утту.

Футзал боюнча “Мыкты машыктыруучу” наамы Марат Дубанаевге ("Дордой-АйдАрсен") ыйгарылды. “Мыкты футзал оюнчусу” деп Кайрат Кубанычов ("Алай"), “Кыргызстандын премьер лигасынын мыкты оюнчусу" деп “Абдыш-Ата” командасынын оюнчусу Магомед Узденов аталды.

"Жылдын жаш оюнчусу" деп 19 жаштагы Христинан Браузман ("Абдыш-Ата") табылды. Бул наамга Браузман менен катар футбол жылдызы Эрбол Атабаев "Динамо" (Махачкала, Орусия) менен Султан Чомоев ("Дордой") да ат салышкан. Футболдун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз спорт каналына “Жылдын мыкты уюму” наамы берилди.

Football Awards сыйлыгы Кыргызстандын Футбол федерациясы тарабынан 2015-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG