Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:03

Активист Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап кеткени кабарланды


Өндүрүш Токтонасыров. Архив сүрөт.
Өндүрүш Токтонасыров. Архив сүрөт.

"Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасында жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап кеткенин жазды. Абдирасулованын айтымында, активист орус президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга келишине каршы Бишкектин Киев көчөсүнө акцияга чыгуу үчүн барган.

Милициядан бул боюнча такталгандан кийин маалымат берилерин "Азаттыкка" билдиришти. Токтонасыров буга чейин Орусиянын Украинага кол салуусун айыптап, бир нече жолу акцияга чыккан.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги саммити 9-декабрда Бишкекте өткөнү жатат. Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда. Орусиялык журналисттер саммитке орус президенти Владимир Путин баштаган делегация катышарын жазып жатышат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG