Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Сот Бекназаровду 23-февралга чейин камакта калтырды


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

"Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн" деп шек саналган саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин камакта калды. 9-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту ушундай чечим кабыл алды.

23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан отузга жакын адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги алар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Камалгандар муну саясий куугунтук деп айтып жатышат.

Азимбек Бекназаров 2005-жылы "Жоогазын" ыңкылабынан соң башкы прокурор болуп бекиген. Бир нече ай иштегенден кызматтан алынып, оппозицияга кеткен. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон. 2019-жылы мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган. Быйыл августта элчилик кызматтан бошотулган.

Октябрда Кумтөр кенинин ишмердигин көзөмөлдөгөн коомдук комиссия түзүлүп, ага төрага болуп шайланган. (BTo/TSh)

XS
SM
MD
LG