Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Чечен оппозициясы активист Абдурахмановдун өлтүрүлгөнүн төгүндөдү


Тумсо Абдурахманов
Тумсо Абдурахманов

Чеченстандык оппозициялык блогер, буга чейин Швецияда өлтүрүлгөнү кабарланган Тумсо Абдурахманов тирүү экени тууралуу эл аралык коомчулук толук тааныбаган Ичкерия Чечен Республикасынын чет жактагы өкмөтүнүн басма сөз маалымат таратты.

“Ичкерия Чечен Республикасына тийген маалыматтарга ылайык, Тумсо Абдурахманов тирүү жана швед полициясынын коргоосунда” – деп айтылат кабарда. Алар бул маалыматты атайын булактардан алганын билдирип бирок чоо-жайын такташкан жок.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун “Кавказ.Реалии” редакциясы Абдурахмановдун өлүмүнө байланыштуу Швециянын полициясына суроо менен кайрылган. Швед бийлиги блогердин өлүмү тууралуу маалыматты тастыктай да, четке кага да албай турганын билдирген.

Абдурахмановду Швецияда 1-декабрга караган түнү атып кетишкенин алгач 1ADAT Телеграм каналы жеке булактарына таянып жазган. Маалыматты "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна блогердин жакындары тастыкташкан. Ал ноябрдын аягынан бери байланышка чыкпай калган.

Кремлдин саясатын жана Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду сындап жүргөн 34 жаштагы активист өз мекенинен 2015-жылы чыгып кеткен.

“Кавказ.Реалиинин” кабарчылары Абдурахмановдун өзү жана анын агасы менен байланышууга аракет кылганы менен майнап чыга электигин билдирди.

Чеченстан 1991-жылы СССРдин курамынан чыгып, Ичкерия Чечен Республикасы деген ат менен көз карандысыздыгын жарыялаган. Орусия Федерациясы анын эгемендигин тааныган эмес. Москва 1994-1996-жылдары согуш менен аны кайтарып алуу аракетинен майнап чыккан эмес. Андыктан 1999-2000-жылдары кайра согуш болгон. Анын натыйжасында Ичкерия деген түзүм жоюлуп, анын башында тургандар чет жакка качышкан. Алар азыр дагы Чеченстандын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүн улантууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG