Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Украинанын Одесса облусу жарыксыз калды


Украинадагы абал.
Украинадагы абал.

10-декабрда Орусиянын абадан урган соккуларынан улам Украинанын Одесса облусундагы инфратүзүм зыян тартып, 1,5 миллиондой адам электр энергиясыз калды.

"Одесса аймагындагы абал өтө оор. Тилекке каршы бул ирет катуу сокку урулду, жарыкты кайра берүү эми бир топ убакытты талап кылат, бир нече саат эмес, бир нече күнгө чейин созулушу мүмкүн" , - деди Украинанын президенти Владимир Зеленский өз кайрылуусунда

Октябрь айынан бери Украинага Орусия тынымсыз абадан сокку уруп, энергетикалык тармагын талкалап жатат.

Орусиянын армиясы Украинага быйыл 24-февралда басып кирген. Киев Батыш өлкөлөрүнөн жардам алып, куралдуу күчтөрүн бир сыйра чыңдагандан кийин августтун аяктарында контрчабуулдарын баштаган. Натыйжада украиндер Харьковдун басымдуу аянтын сентябрда бошоткон. Алар орус тарапты Николаев облусу менен Херсон облусунун бир бөлүгүнөн ноябрь айында сүрүп чыкты. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG