Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Саясатчы Жеңиш Молдокматовдун камактагы мөөнөтү узартылды


Жеңиш Молдокматов. 13-декабрь, 2022-жыл.
Жеңиш Молдокматов. 13-декабрь, 2022-жыл.

13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды.

Ушул эле күнү райондук сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыровдун да камактагы мөөнөтүн эки айга узарткан.

Буга чейин ушул иш боюнча саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, журналист Айданбек Акматов жана экс-депутат депутат Орозайым Нарматова да 20-февралга чейин камакта калган.

Дагы бир нече адамдын бөгөт чарасын өзгөртүү же ошо бойдон калтыруу маселеси каралашы керек. Алар – Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жана укук коргоочу Рита Карасартова.

Быйыл 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. (BTo/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG