Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Зеленский: Киевге багытталган дрондун баары атып түшүрүлдү


Украинанын президенти Владимир Зеленский 14-декабрда орус аскерлери Киевге Иранда жасалган 13 "Шахед" учкучсуз учактары менен чабуул жасаганын, алардын баары атып түшүрүлгөнүн билдирди.

14-декабрда эртең менен Украинанын үч облусунда – Киевде, Житомирде жана Винницада аба соккусунан эскерткен сирена жаңырган.

Киев облустук аскер администрациясынын башчысы Алексей Кулеба абадан коргонуу иштеп жатканын айтып, тургундарды баш калкалоочу жайларда болууну суранган.

Шевченко районундагы эки административдик имарат, Херсондо жергиликтүү администрациянын имараты аткылоого кабылды. Курмандыктар жок.

Соңку апталарда Украина Орусиянын жапырт аба соккуларына дуушар болуп, натыйжада өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасы чоң зыянга учурады. Миллиондогон адамдар жарыксыз, суусуз жана жылуулуксуз калды.

Киев жана көптөгөн Батыш өлкөлөрү кол салуулар карапайым калкка каршы багытталганын айтып жатышат, Кремль муну четке кагууда.

"Шахед" дрондору боюнча кызматташууну Тегеран менен Москва моюнга албай келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG