Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Акыйкатчы ачкачылык кармагандардын саламаттыгын текшерүү зарылдыгын айтты


Перизат Суранова.
Перизат Суранова.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отурган, учурда ачкачылык кармап жаткандарга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигине жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылды. Ал өз катында алардын саламаттыгын атайын комиссия менен текшерип чыгышы керектигин, бул комиссияга укук коргоочулар дагы кириши зарылдыгын жазган.

Акыйкатчы 19-декабрь түнү абакта ачкачылык кармап саламаттыгы начарлап кеткени айтылган Перизат Сурановага кирип чыккан. Анын айтымында, Сурановага "Тез жардам" чакыртылып, бирок активист абактан медициналык жардам алуудан баш тарткан.

"Кечээ дагы "Тез жардам" келди. Аны дене табы 37,5 болуп жатат. Башынан бери эле дене табы түшпөй жатат. "Тез жардам" кызматы дагы деле "ооруканага алып баруунун кажети жок" деп жатат. Биз эки күндөн бери суранып жатабыз, "ооруканага алып барып текшергиле" деп жатабыз. Мурдагы күнү дагы Сурановага Тез жардам" чакырылган. Анда Орозайым Нарматованы дагы текшеришкен. Анын дагы ден-соолугу жакшы эмес. Орозайым суу, дары ичип жатат. Экөөнүкү тең тахикардия болуп жатат. Орозайымдын кан басымы жогорулап, кайра төмөндөп жатканы коркунучутуу болуп жатат",-деди акыйкатчы.

Перизат Суранованын абалы кескин начарлап кеткени 18-декабрдын кечинде кабарланган.

Кыйноолорду алдын алуу борбору билдиргендей, Кемпир-абад ишине байланыштуу камакта отурган 20дан ашык кишинин 17си ачкачылык кармап жатат. Айрымдарынын наар албай жатканына беш күн болду.

Жаза аткаруу кызматы алардын саламаттыгы жөнүндө азырынча маалымат бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG