Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Орусия: кыргыз элчилиги миграциялык талаптар жөнүндө дагы эскертти


Орусияда сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин, жашаган жери боюнча миграциялык каттоону, медициналык кароодон, дактилоскопиялык текшерүүдөн өтүүнү талап кылган эрежелер күчүнө кирген.
Орусияда сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин, жашаган жери боюнча миграциялык каттоону, медициналык кароодон, дактилоскопиялык текшерүүдөн өтүүнү талап кылган эрежелер күчүнө кирген.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги миграциялык талаптарга байланыштуу бул өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарына дагы кайрылды. Анда былтыр жыл аягына чейин келген мигранттар 2023-жылдын 10-январына чейин бармак изин каттоодон өткөрүп, сүрөткө түшүүдөн жана медициналык кароодон өтүшү керектиги жазылган. Ошондой эле, 1-8-январь күндөрү майрам болгондуктан тийиштүү иштерди ушул жагдайды эске алуу менен бүтүрүү зарылдыгы эскертилген.

Элчиликтин консулу Манас Жолдошбеков 8-декабрда Москвада тиешелүү медициналык жайлардын өкүлдөрү менен жолугуп, кыргызстандык мигранттар жугуштуу ооруларга байланыштуу кошумча текшерүүгө жиберилип жаткан учурлар көбөйгөнүн талкуулаган.

"Консул мекендештер мындай текшерүүнүн жыйынтыгынын тактыгынан күмөн санап жатканын айтып, буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Ал бул жагдай кыргыз жарандарынын укугунун сакталышына терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи", -деп жазылган маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, ушул жылдын 11 айында Орусияда 152 миңдей кыргызстандык мигрант медициналык кароодон өтүп, алардын ичинен 2,5 миңи (1,7%) кошумча текшерүүгө жиберилген. Алардын теңинен жугуштуу оорулар аныкталган.

Орусияда сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин, жашаган жери боюнча миграциялык каттоону, медициналык кароодон, дактилоскопиялык текшерүүдөн өтүүнү талап кылган эрежелер күчүнө кирген.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чамалайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG