Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

ЖК: тармактык комитет интеллектуалдык менчик мыйзамдарын өзгөртүүнү колдоду


Жогорку Кеңештин имараты.
Жогорку Кеңештин имараты.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 19-декабрдагы жыйынында "Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, аны көпчүлүк добуш менен жактырды.

Парламенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, документ бул тармактагы мыйзам долбоорлорун Конституцияга шайкеш келтирүү, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жекелештирүүнүн жаңы каражаттарын киргизүү жана интеллектуалдык менчик объектилерин каттодо жаңы ыкмаларды колдонуу максатында жазылган.

Ушул жылдын май айында өкмөт 2022-2026-жылдарга Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы бекиткен. Анда документ "өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасын, интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын теңделген жана натыйжалуу экосистемасын калыптандыруу үчүн шарттарды түзүүнү ишке ашыруу максатында" кабыл алынганы белгиленген.

Расмий маалыматка ылайык, 2022-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда коргоодо 74 миңден ашык интеллектуалдык менчик объект турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG