Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:37

Бишкек мэриясы таштанды талаасынын жака-белин тосо баштады


Таштанды полигону. Бишкек.
Таштанды полигону. Бишкек.

Бишкек мэриясы шаардын четиндеги таштанды полигонун бетон дубал менен тосо баштады. Мэриянын басма сөз кызматынын билдиришинче, анын узундугу 3254 метрди түзөт жана анда 64 видеокамера жана 100дөн ашык прожектор орнотулат.

Өткөн аптада шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров таштанды полигонун иретке келтирип, акыр-чикирди кайра иштеткен завод куруу маселеси дээрлик чечилип калганын айткан. Ал америкалык жана чехиялык компаниялар менен сүйлөшүүлөр аяктаганын билдирген.

Соңку кездери таштанды, транспорт жана ыш өңдүү маселелерден улам мэрге сын-доомат көбөйгөн.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) Бишкекке таштанды төгө турган жаңы полигон куруу жана рекультивация кылуу иштерине 2012-жылы “Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” деп аталган долбоорду каржылоого 22 миллион евро (жарымы насыя, жарымы грант түрүндө) бөлүүгө макул болгон.

Каржы министрлигинин 9-декабрдагы маалыматына караганда, ЕБРР убада кылган 22 миллион евронун 12 миллиону келген, калган акча бөлүнө элек.

Бөлүнгөн акча максаттуу пайдаланылбай калганы тууралуу маселе парламентте бир нече жолу көтөрүлүп, талкуу жараткан. “Азаттык” да бул боюнча өз иликтөөсүн жарыялаган.

Кылмышка шектүүлөрдүн бири катары Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго издөө жарыяланган.

XS
SM
MD
LG