Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Аалымдар кеңеши муфтийдин отчетун "жакшы" деп баалады


Замир Ракиев.
Замир Ракиев.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши 19-декабрда муфтий Замир Ракиевдин отчетун угуп, өлкөдөгү диний кырдаалды талкуулады. Муфтияттын басма сөз кызматы учкай маалымат таратып, анда Ракиевдин ишине "жакшы" деген баа берилгенин билдирди.

"Жыйында муфтиятка бир катар сунуштар жана тапшырмалар берилип, муфтийдин орун басарларына, бөлүм башчыларга милдеттемелер жүктөлдү. Жыйынга Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдыманап Масалиев баштаган мүчөлөр катышты",-деп айтылат маалыматта.

Бул жылы муфтият негизинен мечиттердин каттоосун тездетүү, аш, той-топурларда ашыкча чыгымды азайтуу, казыяттарды санариптештирүү маселерине байланыштуу жасалган иштер тууралуу маалымат берип келген.

Замир Ракиев муфтий болуп былтыр июнь айында шайланган жана ушул эле күнү Аалымдар кеңешинин курамы да жаңыланган.

Дин комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2,5 миңдей мечит, 100дөн ашуун медресе, 10 ислам институту бар. Имамдардын саны 2800дүн тегерегинде.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG