Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Кытай элчиси Айгүл Жапарова жетектеген фондду колдоо уланарын айтты


Айгүл Жапарова.
Айгүл Жапарова.

Президент Садыр Жапаровдун аялы, "Эне-балага тирек" коомдук фондунун жетекчиси Айгүл Жапарова Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвен менен Баткенде тигүү, нан жабуу ишканаларын ачуу долбооруна байланыштуу аземге катышты. Аталган элчиликтин басма сөз кызматы бул долбоор Бээжиндин колдоосу менен ишке ашырылганын кабарлады.

"Элчи өз сөзүндө ишканаларды ачуу ийгиликтүү болгонун белгилеп, эки өлкөнүн достугунун тарых-таржымалы узун экенин, эки мамлекеттин тарыхында стратегиялык өнөктөштүгү эң жакшы этапта турганын белгиледи", - деп жазылган маалыматта.

Элчилик "Эне-балага тирек" фондунун социалдык долбоорлорун колдоону мындан ары дагы улантары айтылган.

"Айгүл Жапарова элчиликке колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Доллбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жергиликтүү элдин пикири эске алынганын, алардын айрыкча аялдарды жумуш менен камсыз кылууда, социалдык туруктуулукту жана экономиканы өнүктүрүүдө мааниси чоң экенин белгиледи", -деп көрсөтүлгөн маалыматта.

"Эне-балага тирек" фонду жана анын жетекчилиги буга байланыштуу маалымат тараткан жок. Баткенде долбоордун алкагында канча ишкана ачылганы, канча адам иш менен камсыз болгону азырынча беймаалым.

Айгүл Жапарова жетектен фонд башында "Үмүт булагы" деп аталып жүргөн жана Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, азыркы аталышы менен ушул жылдын март айында кайра каттоодон өткөн.

Президенттин жубайынын аты былтыр декабрда соңку парламенттик шайлоого "Альянс" партиясынын тизмеси менен катышкан Токтобүбү Оргалчага байланыштуу аталган.

Борбордук шайлоо комиссиясы анда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун чукул өзгөрткөн. Анын негизинде "Альянс" партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчаны депутат кылып каттаган. Бул коомчулукта талаш-талкуу жараткан жана сот БШКнын чечимин мыйзамсыз деп тапкан.

Оргалча Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган автобустары бар "Шыдыр Жол KG" ишканасынын ээси катары белгилүү. Ал 1972-жылы Кытайда төрөлгөн, этникалык кыргыз. Учурда Кыргызстандын жараны.

Буга чейин журналисттер 2020-жылы октябрь окуяларынын тушунда Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөн автобустар "Шыдыр Жол KG" ишканасыныкы экенин иликтеп чыккан.

2021-жылы июнь айында Бишкек шаарында жүргүнчү ташыган кичи автобустардын айдоочулары иш таштап, Айгүл Жапарова жетектеген, ошол маалда "Үмүт булагы" фонду 20 автобусту жүргүнчүлөрдү бекер ташууга чыгарган. Аталган фонд кийинчерээк автобустарды "Шыдыр Жол KG" ишканасынан ижарага алганын билдирген.

XS
SM
MD
LG