Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:13

Лукашенко менен Путин Минск шаарында жолукту


Путин менен Лукашенконун Кремлдеги жолугушууларынын биринде тартылган сүрөт.
Путин менен Лукашенконун Кремлдеги жолугушууларынын биринде тартылган сүрөт.

Беларустун лидери Александр Лукашенко 19-декабрда Минск шаарында Орусиянын президенти Владимир Путинге жолукту. Андан кийин экөө чогуу маалымат жыйын өткөрүп, негизинен "Орусиянын Беларусту ар тараптан колдоосу", газ тармагында, атомдук энергия жаатында, транспорт, жүк ташуу жана космос индустриясы тууралуу сөз болду.

Маалымат жыйынында аскердик саясат, бул жаатта кызматташуу жана Орусиянын Украинага каршы согушу тууралуу суроо берилген жок.

Путин Орусия Украинага басып киргенден бери, соңку үч жылдан кийин Беларуска биринчи жолу барды. Лукашенко быйыл эле Орусияга жети жолу келип кеткен.

Путиндин сапарынын алдында Орусиянын Коргоо министрлиги Беларуста батальондук тактикалык машыгуу өткөрө турганын жарыялаган, бирок анын мөөнөтүн тактаган эмес. Интерфакс кабарлагандай, анын жыйынтыгында жетекчилик "бөлүктөрдүн жөндөмүнө жана күжүрмөн даярдыгына баа берет".

Орус аскерлеринин алгачкы тобу Беларуска октябрда келген. Буга чейин Коргоо министрлиги “аскерлердин биргелешкен тобуна катышуу үчүн” 9 миңдей орусиялык аскер, жүздөн ашык танк, бронетехника жана миномет, ошондой эле авиация бара турганын билдирген.

Мындан бир нече күн мурун Лукашенко Украинаны "Беларуска кол салууга даярданып жатат" деп дагы бир жолу айыптаган жана союздаш өлкө менен батыш чек арасында турумду бекемдөө маселесин кыйыткан. Украина муну четке каккан.

Декабрдын башында Лукашенко Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушууда, орусиялык жана беларусиялык аскерлер “бир топ, бирдиктүү армия катары” даярдалып жатканын айткан.

Андан көп өтпөй Беларуста Лукашенконун буйругу менен өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгын күтүүсүз текшерүү башталган.

XS
SM
MD
LG