Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:27

Москва: мигранттарды Украинадагы согушка азгырган баракчалар таратыла баштады


Москвадагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Москвадагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Москва шаарында мигранттарды Украинага каршы согушка катышуу үчүн келишим түзүүгө үндөгөн баракчалар таратыла баштады. Бул тууралуу Sota Телеграм-каналы өзүнүн катталуучуларына шилтеме кылып жазды. Анда "Выхино" метросунда бул баракчаларды таратып жаткан адамдар атайын мигранттарды көздөгөнү, аларды токтотуп алып, жарандыгы тууралуу маалыматтарга кызыкканы айтылат.

Sota жарыялаган баркчаларда орус армиясына кирүү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн 18 жаштан 40 жашка чейинки жарандарына сунушталган. Анда талапкерлердин 9-класстан кем эмес билими болушу, орус тилин билиши керектиги жазылган.

ЖККУга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө.

Ушул жылдын сентябрь айында украин бийлиги Москва согуштук күчтөрүнүн тартыштыгын толтуруу үчүн Кыргызстандан жалданма адамдарды тартып жатканын маалымдаган жана орус күчтөрүнүн катарында согушуп жаткан өзбекстандык жарандар кармалганын билдирген.

Буга чейин Украинадагы согушка азгырылган, майданда мерт болгон борборазиялык мигранттар тууралуу маалыматтар чыккан. Кыргызстан менен Өзбекстандын расмий бийлик органдары мигранттарды Орусияда жумуш тандоого этият болууга үндөгөн.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага кол салгандан кийин орус жарандыгын алган Эгемберди Дорбоев, Рустам Зарифулин, Исломжан Камилов, Сыргакбек Өзүбеков, Адилет Алиев, Мирлан Тохтакунов аттуу кыргызстандыктар согушта каза болгону кабарланган. Кийин орус паспорту жок, Кыргызстандын гана жараны болгон эки адам – Аманбек Курбанбаев жана Руслан Полотов Орусиянын күчтөрүнүн катарында жүрүп, Украинада мерт болгону белгилүү болгон. Алардын сөөгү Кыргызстанга алып келинип, жерге берилген.

XS
SM
MD
LG