Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Залужный Зеленскийди дезертирлик үчүн жазаны күчөтүүгө чакырды


Валерий Залужный.
Валерий Залужный.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Валерий Залужный президент Владимир Зеленскийди жоокерлердин согуштук буйруктарды аткарбаганы, майдандан же аскер бөлүктөрүнөн качып кеткени үчүн жазаны күчөтүү каралган мыйзам долбоорго кол коюуга чакырды.

Ал армияга дисциплина керектигин, дезертирликтин айынан фронтто өздүк курам негизсиз жоготууга учурашы мүмкүн экенин эскертти.

Украин парламенти 13-декабрда дезертирлик үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган №8271 мыйзам долбоорун кабыл алып, кол коюуга президенттке жөнөткөн. Документтин айынан коомчулукта кызуу талаш-талкуу жүргөн. Зеленскийди мыйзам долбооруна кол койбоого чакырган петиция бир күндө 25 миңден ашык адамдын добушун топтогон.

Орусияда ушул жылдын сентябрь айында "мобилизация", "аскердик абал" жана "аскердик убак" деген терминдер киргизилген, аскер кызматкерлерин жазалоону катаалдаткан мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, эми өз эрки менен туткунга түшкөндөр, аскер бөлүктөрүн өзүм билемдик менен таштап кеткендер, согушка катышуудан баш тарткандар (жоокерлер жана моблициялангандар) 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG