Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Быйылкы селдин чыгымы 235 миллион сомго чамалады


Быйыл жайында Боом капчыгайында да сел жүрдү.
Быйыл жайында Боом капчыгайында да сел жүрдү.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 19-декабрда Өзгөчө кырдалдар министрлигинде көчмө жыйын өткөрдү. Парламенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда министр Бообек Ажикеев жыл башынан берки, 11 айдын ичинде катталган табыгый кырсыктар жана алардын кесепети, чыгымы тууралуу маалымат берди.

"Өлкөдө сел кесепетинен 2731 жеке турак жай, 46 социалдык объект, 242 чакырым жол, 38 ички чарбалык канал жабыркаган. Натыйжада келтирилген чыгымдын жалпы суммасы дээрлик 235 миллион сомго чамалаган. Авариялык абалдагы үйлөрдүн ээлерине 51 миллион сом бөлүнүп, капиталдык оңдоо иштерине 8,5 миллиондой жардам көрсөтүлгөн. Жыйында мындан сырткары, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жоюу чаралары тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле 11 ай ичинде 2279 өрт кырсыгы катталып, 3 миллиард 321 миллион сомдук зыян келтирилгени белгилүү болду", - деп жазылган маалыматта.

Депутаттар сел жана суу ташкындарынын алдын алуу үчүн канал, дарыялардын жээктерин бекемдөө, өрт өчүргөн автоунаалар, өрт коопсуздугу, маянаны жогорулатуу жана кадр маселелерин көтөрдү.

Быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп Кыргызстандын дээрлик бардык аймагында сел жүрүп, суу ташкын каптаган окуялар орун алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG