Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:47

Абактагы актер Чыңгыз Мамаев жардам сурап президентке кайрылды


Чыңгыз Мамаевге байланыштуу соттук отурумдарынын бири.
Чыңгыз Мамаевге байланыштуу соттук отурумдарынын бири.

Тергөө абагында жаткан актер Чыңгыз Мамаев өзүнө козголгон кылмыш ишине байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. Анда "күнөөсү жок экенин, сот адилеттигин күтүп жатып сабыры түгөнгөнүн, тергөө мыйзам бузуу менен жүргөнүн" жазган жана мындан улам мамлекет башчысына кайрылуудан башка аргасы калбаганын белгилеген. Ал Жапаровдон бул ишти өз көзөмөлүнө алууну, аны үй камагына чыгарууга көмөктөшүүнү суранган.

Президент Садыр Жапаров жана анын администрациясы буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Мындан эки апта мурда, 6-декабрда Бишкек шаардык соту Мамаевге козголгон кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн билдирген. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мындай чечим "Тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн" деген негизде 22-ноябрда кабыл алынган.

Ишти Бишкектин Свердлов райондук соту жабык карап жаткан.

Мамаев быйыл апрель айында зордуктоого шек саналып кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети) менен иш козголгон.

Дулат Кожоев аттуу адам 1-апрелде үйүнө Германиядан конок катары келген Сабрина Шубертти Чыңгыз Мамаев зордуктаганын айтып чыккан.

Актердун жубайы биологиялык экспертизанын жыйынтыгы таза чыкканын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG