Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Бакыт Төрөбаев Санариптик кодекс даярдалышы керектигин билдирди


Акыркы беш-алты жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү жараяны жүргүзүлүп жатканын маалымдап келет.
Акыркы беш-алты жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү жараяны жүргүзүлүп жатканын маалымдап келет.

Министрлер кабинетинин төрагасы Бакыт Төрөбаев Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жылды жыйынтыктаган коллегиясына катышты. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалымдашынча, анда бир жыл ичинде жасалган иштер тууралуу маалымат берилди. Төрөбаев жыйын соңунда санариптештирүүгө байланыштуу бир катар иш-аракеттер жасалышы керектигин, анын ичинде атайын кодекс кабыл алынышы зарылдыгын билдирди.

“Бардык иш-аракеттерди координациялоо жана Борбор Азия аймагында санариптик инновацияга айланган маалыматтарды жана инфраструктураны көзөмөлдөгөн Санариптик кодексти иштеп чыгуу зарыл", -деген өкмөт башчынын орун басары.

Ушул жылдын август айында президент Садыр Жапаров мамлекеттик мекеме-органдардагы санариптештирүү жараянын сынга алган. Ал анда сентябрга чейин санариптештирүү боюнча отчет бербеген министрлер кызматтан кетерин эскерткен. Жапаров Фейсбуктагы баракчасында тиешелүү министрликке бир жылдык мөөнөт берилип, толук санариптештирүү милдети коюлганын жазган.

Садыр Жапаров туура бир жыл мурда Министрлер кабинетинин жыйынында өкмөт 10 айда миң тоннага жакын кагаз сатылып алынганын айтып, электрондук документке өтүү керектигин билдирген.

Акыркы беш-алты жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү жараяны жүргүзүлүп жатканын маалымдап келет. 2018-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү, 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, ал эми 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы болуп жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG