Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:46

Ош: депутаттар чек арадагы "Достук" өткөрмө бекетине барды


"Достук" өткөрмө бекети. Архивдик сүрөт.
"Достук" өткөрмө бекети. Архивдик сүрөт.

Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин мүчөлөрү кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө бекетине барып, анын иши, азыркы абалы менен таанышты. Парламенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, өткөрмө бекет оңдолуп-түзөлгөндөн кийин жүргүнчүлөрдүн, жүк ташыган унаалардын каттамы көбөйгөн.

"Буга чейин чек арадагы көзөмөл жараяны кол менен жүргүзүлүп келген. Товарларды өткөрүү бекетинен алып өтүү үчүн төрт сааттын 11 саатка чейинки убакытты талап кылган. "Достук" реконструкциялангандан кийин жолоочулардын каттамы 18 миңден 22 миң адамга чейин көбөйгөн. Буга чейин аталган бекеттин ишмердүүлүгү тууралуу сын-пикирлер айтылып, кийинчерээк оңдоп-түзөө иштери башталган эле",-деп жазылган маалыматта.

Ушул айдын башында Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын чек арадан өтүүсүн жеңилдеткен келишимди жактырган.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин маалыматына караганда, бул келишимдин негизинде эки өлкөнүн жарандары чек арадан ID-карт менен өтө алышат. Балдар жалпы жарандык паспорт менен өткөрүлөт. Сөз болуп жаткан макулдашуу качан ишке киргизилери маалымдалган эмес.

Азыр эки өлкө тургундары тигил же бул жака жалпы жарандык паспорт менен өтүшөт.

Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда бир нече чек ара бекети иштеп жатат. Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылган. Көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери ишин жанданткан.

Өзбекстандыктар Кыргызстандын аймагы аркылуу башка мамлекеттерге кетишет, айрымдары бул жакта ар кандай жумуштарда иштешет. Көп киши каттаган Ош облусундагы "Достук" чек ара бекетинин ишине буга чейин коомчулукта нааразылык да айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG