Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 21-22-декабрь күндөрү мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Расмий маалыматка ылайык, ал коңшу мамлекеттин башчысы Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жана аймактык кызматташуунун, алака-катыштын актуалдуу маселелерин талкуулайт. Ошондой эле тараптар бир катар инвестициялык ири долбоорлорду бирге ишке ашырууну сүйлөшөт жана маанилүү документтерге кол коюлат.

Токаевдин Ташкент сапары маалында Казакстан, Өзбекстан жана Орусия менен "газ биримдигин" түзүү маселеси каралып-каралбасы маалымдалган жок.

Владимир Путин өткөн айдын аягында Москвада Токаев менен жолугушууда “үч тараптуу газ биримдигин” түзүү ниетин билдирген.

Өзбекстан Орусия менен газ жеткирүүгө байланыштуу коммерциялык келишимдерге кол коюуга даяр экенин, бирок Москва сунуштаган бирикмеге кирбей турганын өлкөнүн энергетика министри Журабек Мирзамахмудов айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG