Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Акылбек Жапаров Токтогул ГЭСиндеги жагдай менен таанышты


Токтогул ГЭСи. 2021-жылы тартылган сүрөт.
Токтогул ГЭСи. 2021-жылы тартылган сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-декабрда Жалал-Абад облусунда жайгашкан Токтогул ГЭСине барып, анын абалы менен таанышты. Анда өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу өкмөттүн башкы максаттарынын бири экенин билдирди.

"Учурда Токтогул ГЭСин модернизациялоо долбоору ишке ашырылууда, анын алкагында ГЭСтин жаңы төртүнчү гидроагрегаты орнотулуп, ал бир нече убакыттан бери тесттик режимде иштеп келген. Азыр агрегат толук түрдө ишке киргизилүүдө",-деп айткан Жапаров.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, Акылбек Жапаров баасы 25 миллион доллар деп бааланган Каракөл ГЭСинин курулушу менен таанышты. Андан ары өкмөт башчы Талас облусунун Манас районуна барып, "Бала-Саруу" ГЭСиндеги курулуштун жүрүшүнөн кабар алды.

"Бул ГЭСти куруу долбоорунда үч генератордон турган, электр энергиясын орточо жылдык иштеп чыгуусу 92 млн кВт/саат саналган объектти куруу каралган. Мында Киров суу сактагычынын плотинасынын механикалык жабдуулары модернизацияланат жана сугат муктаждыктарын суу менен камсыз кылуунун бардык процесстери автоматташтырылат. Өкмөттүн былтыр августтагы чечими менен "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомуна аталган гидроэнергетикалык объектини куруу укугу берилип, 2 миллиард сом бюджеттик кредит бөлүнгөн",-деп айтылат өкмөт тараткан маалыматта.

Өткөн айда Кыргызстанда электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлгөн. Энергетика министрлиги анда Токтогул ГЭСинде авария болду деген маалыматтарды жокко чыгарып, жарыктын улам-улам өчүрүлүгөнүн эки агрегаты ишке киргизилип жатканы менен негиздеген.

Токтогул ГЭСинин жабдууларынын эскилигинен улам 2016-жылы эки жолу авария болуп, аны жаңылоо долбоору 2017-жылдан бери эл аралык донорлордун жардамы менен ишке ашырылып жатат.

Кыргызстанда ушул тапта жети ири гидроэлектрстанциясы бар. Алар Токтогул ГЭСи (1200 мегаватт), “Күрп-Сай” (800 мегаватт), “Таш-Көмүр” (450 мегаватт), “Шамалды-Сай” (240 мегаватт), “Үч-Коргон” (180 мегаватт), “Камбар-Ата-2” (120 мегаватт) жана “Ат-Башы” (40 мегаватт) ГЭСтери. Алар өлкөдөгү электр энергиясынын 84% бир аз көбүн өндүрөт. Бирок дээрлик бардыгынын тетиктери эскирген.

Бишкек менен Ош жылуулук электр борборлору 15,7% кубаттуулуктагы электр жарыгы менен камсыздайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG