Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Өкмөт бала бакча ачкан ишкерлерге колдоо көрсөтүлөрүн жарыялады


 Жалал-Абаддагы бала бакчалардын бири.
Жалал-Абаддагы бала бакчалардын бири.

Министрлер кабинети жеке жактарды өлкөдөгү бала бакчалардын санын көбөйтүүгө тартуу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Анда бала бакчаларды көбөйтүү үчүн жеке менчик секторун да тартып, аларга жеңилдетилген шарттарды түзүп, мамлекеттик колдоо көрсөтүлөрү айтылган. Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыяларга мамлекеттик бюджеттен 2024-жылдан баштап жылына 500 миллион сом бөлүнүп турат.

"Бул токтомдун кабыл алынышы мамлекет менен жеке ишкерлердин мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу колдонуусун шарттайт, республикалык бюджеттен жаңы бала бакчаларды куруу үчүн бөлүнчү каражаттарды да кыскартат", - деп айтылат токтомдун долбоорунда.

Токтомго ылайык, Архитектура, курулуш жана коомуналдык чарба мамлекеттик агенттиги эки ай ичинде жеңилдетилген курулуш нормаларын жана бала бакчалар үчүн эрежелерди иштеп чыгышы керек.

Министрлер кабинети 1 млрд. сомдон ашык каражатка социалдык-маданий маанидеги обьектини сала тургандарга жана ар кандай менчик формасындагы бала бакчаны куруу үчүн жер тилкесин 49 жылга ижарага берери да айтылат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында быйылкы окуу жылында мектепке чейинки курактагы балдардын 24% гана бала бакчага барып жатканы, калган 758 миң бала мектепке чейинки билимди ала албай жатканы айтылат. Анда өлкө боюнча 280 орундуу 2665 бала бакчага муктаждык бар экени да белгиленген.

XS
SM
MD
LG