Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

"Азаттыктын" УКМКнын аракеттерине каршы арызы сотто карала баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 22-декабрда "Азаттык Медиа" мекемесинин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аракеттерине каршы арызы карала баштады. Арызда коопсуздук комитетинин Финансылык чалгын кызматына жолдогон кайрылуусун негизсиз деп табуу өтүнүчү келтирилген.

31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы" банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон.

15-ноябрда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин, буга УКМКнын каты негиз болгонун расмий билдирген.

Финчалгын кызматы “Азаттык Медиа” бул тизмеге “Террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында киргизилгенин маалымдаган.

Бирок тиешелүү органдар ал иштин “Азаттык Медиага” кандай байланышы бар экени жөнүндө эч кандай түшүндүрмө бербей келет.

Ишти Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы Туратбек Бекенов карап жатат.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жапкан.

"Азаттык Медиа" банк эсеби негизсиз бөгөттөлгөнүн жана мекемеде иштеген кыргыз жарандарынын, кызматкерлердин укуктары бузулуп жатканын белгилейт.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырышкан.

13-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, журналисттер жана жарандык коом өкүлдөрү баштаган 120дан ашуун инсан президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошкон. Алар кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун толук иштөөсүнө шарт түзүүгө үндөшкөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG