Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

WP: Вашингтон согушту токтотуунун үч вариантын талкуулап жатат


Президенттер Владимир Зеленский менен Жо Байден Вашингтондо, 21-декабрь, 2022-жыл
Президенттер Владимир Зеленский менен Жо Байден Вашингтондо, 21-декабрь, 2022-жыл

Washington Post гезитинин жазганына караганда, АКШ администрациясында Украинадагы согуш кантип токтой турганын болжолдогон үч модел бар. Анын ар биринде Вашингтон Киевди колдойт. Бирок украин бийлиги кандай мунасага барышы керек деген маселеде айырмачылыктар бар.

Гезитке атын атабаган расмий адамдардын бири айтып бергендей, Вашингтон Орусия менен сүйлөшүүлөр тууралуу чечимди Украина кабыл алууга тийиш деген көз карашта. Ошол эле маалда АКШ өз позициясын Киевге билдире алат.

Биринчи модел украин президенти Владимир Зеленскийдин тынчтык планына үндөш. Ага ылайык, орус аскерлери кошунасынын аймагынан, анын ичинде 2014-жылы аннексияланган Крымдан чыгарылууга тийиш. Экинчисинде орус армиясы 24-февралга чейинки позицияларга чегиниши керек деп айтылат. Үчүнчүсүндө Донбассты Украинага кайтаруу, бирок Крымды орустарга калтыруу каралган. Анда жарым аралдын жана Донецк менен Луганскинин тагдыры сүйлөшүүлөрдө чечилмекчи.

Зеленский акыркы эки вариантты "кабыл алынгыс" деп атап келатат. Бирок Washington Post жазгандай, шаршембиде Ак үйдөгү жолугушууда америкалык президент Байден тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоонун ыктымал шарттарын козгоду. Басылма Орусия азыр аскерлерин 24-февралга чейинки позицияларга алып кетүүгө даяр эмес деп белгилейт.

21-декабрда Зеленский согуш башталгандан бери биринчи жолу Вашингтонго барды. Байден менен кездешкенден кийин Конгрессте сүйлөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG