Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:27

Президент тил жөнүндө пикирин саясатташтырбоого чакырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде 28-декабрдагы Министрлер кабинетинин жыйынында мамлекеттик органдарда иш кагаздар кыргыз тилинде жүрбөй жатканын сындаган пикирин түшүндүрдү.

Жапаров иш кагаздарда орус тили колдонулбай калат деген ой туура эмес экенин белгилеген.

“Туура эмес чечмелеп жатышат, айрымдар айтылган сөздү жакшылап аңдап-түшүнбөй эле ар кандай кептерди айтып киришти. Тескерисинче, өлкө боюнча орус тилин өнүктүрүүгө кадам таштадык. Келе жаткан жылы өлкө боюнча тогуз орус мектеби курулат, Орусия тарап куруп бермей болду. Мен өкмөт жыйынында мамлекеттик органдар кыргызча иш кагаздарын жүргүзгүлө дедим. Билесиздер, бизде союз тарагандан бери дасыккан орус тилчи мугалимдер, айрыкча, аймактарда бир топ эле азайып кеткен. Ошол үчүн кадрлар орус тилинен ката кетирген учурлар кездеше баштаганы байкалууда. Бир барак документте толтура ката”, - деди Садыр Жапаров.

Жапаров иш кагаздардын сабаттуу кылып кыргызча жазып, орусчасын тиркеп коюну сунуштайт. Ал кыргыз тили жөнүндө пикирин саясатташтырбоого чакырган.

Садыр Жапаровдун Министрлер кабинетинин жыйынында тилге байланыштуу айтканын айрым орусиялык массалык маалымат каражаттары жазып чыккандан кийин, социалдык тармактарда орус тилинин макамы боюнча талкуу күчөгөн.

Жыйында президент иш кагаздарын кыргыз тилине өткөрбөгөн министрликтерди атап, аларды уяткарган.

1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Кыргыз тили - мамлекеттик, ал эми орус тили - расмий деген макамга ээ. (TSh)

XS
SM
MD
LG