Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Күрөш дүйнөсү уюму Жоламан Шаршенбековду мыкты балбан деп тапты


Жоламан Шаршенбеков. Архив.
Жоламан Шаршенбеков. Архив.

Күрөш дүйнөсү уюму (UWW) кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбековду грек-рим күрөшү боюнча жылдын мыкты балбаны деп тапты. Бул тууралуу уюмдун сайтында кабарланды. Бул жылы балбан алты эл аралык мелдешке катышып, байгелүү орунга илинген.

Буга чейин Күрөш дүйнөсү уюму Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековду 2022-жылдагы тарых жаратуучулардын катарына кошкон.

Жоламан Шаршенбеков 23 жашта. Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында үчүнчү жолу күрөшкөн. Эки жолу Дүйнө чемпионатында (2018, 2021-жылдар) күмүш байге алган. 2022-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль алган.

Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү (2020-жыл). Азия чемпионатынын бир алтын жана эки күмүш байгесинин ээси. 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону жана Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган (2019-жыл).

Уландар (кадеттер) арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында 3-орунду (2016-жыл), жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында (2017) 2-орунду ээлеген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG