Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Володин армияны "каралагандарды" мүлкүнөн ажыратууну сунуштады


Вячеслав Володин.
Вячеслав Володин.

Орусияда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин чет өлкөдө жүрүп алып "экстремизмге чакырган", "нацизмди актаган”, же "орус армиясын дискредитация кылган" орус жарандарынын мүлкүн мамлекетке чегерүүнү сунуштады.

Ал өзүнүн Телеграм-каналында соңку күндөрү айрым жарандар "залимдерди, нацисттерди жана киши өлтүргүчтөрдү ачык колдоп, Орусияны, анын жашоочуларын жана аскерлерин мазактаса болот деген ойдо жүрөт. Алар чет өлкөлөрдө өздөрүнүн бакубаттуулугун сактап калуу үчүн ушундай кадамга барып жатат” деп жазды. Ал мындай аракеттер мыйзамга ылайык, "экстремизмге чакырык, нацизмди актоо жана Куралдуу күчтөрдү дискредитациялоо", - деп билдирди.

Соңку кездери айрым орус бийлик өкүлдөрү мобилизациядан улам жер которуп кеткендерди "саткын" деп атай баштады. Мурдагы президент Дмитрий Медведев аларды “өмүрүнүн акырына чейин кайра мекенине киргизбөөнү” сунуштаган.

Апта башында Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын өкүлү Андрей Черняк Орусия 15-январда кошумча мобилизация жарыялашы мүмкүн экенин билдирген. Анын божомолуна караганда, жарым миллионго чейин орусиялык жаран мобилизацияланат.

2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу 2022-жылы 28-октябрда Путин менен жолуккан учурда, мобилизациялык чаралар аяктаганын айткан. Анын сөзүнө караганда, мунун алкагында 300 миң адам аскерге тартылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG