Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Днепрде ракеталык чабуулда мерт болгондордун саны 20га жетти


Бул үйдө жашаган дагы 40тай адамдын дайыны азырынча чыкпай жатат, куткаруу, урандыларды тазалоо уланууда.
Бул үйдө жашаган дагы 40тай адамдын дайыны азырынча чыкпай жатат, куткаруу, урандыларды тазалоо уланууда.

Орусиянын аскерлери 14-январда Украинанын аймагына эки жолу жапырт ракеталык чабуул жасады. Днепрде көп кабаттуу үйдүн бир тарабы кыйрап, каза болгондор 20га жетти. Бул тууралуу аталган облустун башчысы Валентин Резниченко кабарлады. Анын ырасташынча, дагы 40тай адам жабыркады, алардын арасында балдар бар. Аман калгандарды куткаруу иштери уланып жатат.

Донецк облусундагы Авдеевканы аткылоодо үч адамдын өмүрү кыйылды. Шаардын аскердик-жарандык администрациясынын башчысы Виталий Барабаш дагы үч адам жараат алганын кабарлады.

Киев шаарынын мэри Виталий Кличко Днепропетровск районунда жарылуу болгонун, дагы бир ракета Голосеевск районундагы бош турган имаратка тийгенин билдирди.

Президенттин кеңсеси борбор шаардагы жана башка аймактардагы маанилүү инфраструктуралык имараттар бутага алынганын кабарлады. Мындан улам электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы ыктымалдыгы эскертилди.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына ылайык, Орусия 14-январда үч жолу абадан сокку уруп, 50дөй ракеталык чабул жасады.

Орусиянын Коргоо министрлиги ишембидеги чабуулдарга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Орус аскерлери Украинанын инфратүзүмдөрүнө буга чейин дагы бир канча жолу ракеталык чабуул жасаган. Мындан улам электр энергиясы, жылуулук жана суу берүү үзгүлтүккө учурап, кыйынчылыктар жаралган.

Орусия Украинага согуш ачканына 11 ай болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG