Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Молдова өз аймагына түшкөн ракета калдыктарын зыянсыздандырды


Молдованын Украина менен чек арасына жакын аймагына түшкөн ракета калдыктары зыянсыздандырылды.
Молдованын Украина менен чек арасына жакын аймагына түшкөн ракета калдыктары зыянсыздандырылды.

Молдованын Украина менен чек арасына жакын түндүк тараптагы айылынан табылган ракета сыныктарындагы жарылуучу заттарды 15-январда адистер тобу атайын жардырып, зыянсыздандырды.

Молдованын Ички иштер министрлигинин билдиришинче, Бричени районундагы Ларга аймагына түшкөн ракетанын калдыктарынан 80 килограммга жакын жарылуучу зат табылган.

Молдованын чек ара полициясы ушуну менен орус ракеталарынын калдыктары өлкө аймагына үчүнчү ирет түшүп жатканын билдирди.

2022-жылдын октябрь айында Молдованын аймагына эки ирет ракета түшүп, бул окуялар боюнча иликтөө башталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG