Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Бекешев кош бойлуу жана улгайган аялдарга камактан башка бөгөт чара колдонууну сунуштады


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кош бойлуу жана улгайган аялдарга карата камакка алуу бөгөт чарасын колдонууга тыюу салууну сунуштоодо.

Бекешев демилгечи болгон мыйзам долбоору 13-январда коомдук талкууга коюлду.

Анда тергөө абактарынын абалын эске алганда, улгайган адамдарга жана кош бойлуу аялдарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандоо кыйноого тете болору жазылган.

"Тергөө изоляторлорунда кармоонун шарттары эл аралык стандарттарга жооп бербейт. Мындай жерде кармоо алардын ден соолугуна олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тергөө амалдарын жүргүзүүгө тоскоолдук кылган же тергөө органдарынан ,соттон жашырынууга аракет кылган адамдарга колдонулууга тийиш", - деп айтылат долбоордо.

Абактагы аялдардын маселеси, тергөө абактарындагы шарттын начардыгы Кемпир-Абад иши боюнча былтыр октябрда отузга жакын адам "массалык башаламандык өткөрүүгө даярданган" деген айып менен кармалып, алардын 24ү (алтоо аялдар) камалгандан кийин көп көтөрүлө баштады.

Кыргызстандагы коомдук-саясий ишмер, активист айымдар жана бейөкмөт уюмдар, бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, кармалган аялдарды үй камагына чыгарууга чакырып келет. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG