Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:13

"Вкусно – и точка" Казакстанда каттоодон өтүүгө арыз берди


 "Вкусно - и точка" ресторанынын жанынан өтүп бараткан киши.
"Вкусно - и точка" ресторанынын жанынан өтүп бараткан киши.

Орусияда McDonald's компаниясынын ордун ээлеген "Вкусно – и точка" тез татым тармагы Казакстанда каттоодон өтүүгө арыз берди. Бул тууралуу Казакстандын Юстиция министрлиги кабарлады. Аталган компания "брендди коргоо" максатын көздөп жатканын РБК агенттигине маалымдаган.

Украинадагы согуштан улам 2022-жылдын мартында McDonald's компаниясы Орусиядагы ишмердигин токтоткон. Май айында брендди бизнесмен Александр Говор сатып алган.

Говор ребрендинг жасап, июнь айынан баштап Орусиядагы McDonald's ресторандарынын аталышын "Вкусно – и точка" деп өзгөрткөн.

Ноябрь айында McDonald's Беларустан да чыгып кеткенден соң ал жакта да "Вкусно и точка" тез татым түйүндөрү иштей баштаган.

Быйыл январда McDonald's ири фаст-фуд ресторандар тармагы эт жеткирүүдөгү көйгөйлөрдөн улам Казакстандан чыгып кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG