Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:03

Бишкек шаардык соту Азиза Абдирасуловага салынган айып пулду жойду


Азиза Абдирасулова кармалып жаткан учур. 2022-жылдын 15-ноябры. Бишкек, Кыргызстан.
Азиза Абдирасулова кармалып жаткан учур. 2022-жылдын 15-ноябры. Бишкек, Кыргызстан.

Бишкек шаардык соту укук коргоочу Азиза Абдирасуловага “милицияга баш ийбөө” беренесине байланыштуу айып пул салуу тууралуу биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо уюму кабарлады.

Соттук кароо 17-январда өттү. Абдирасулованын жактоочуслары аны кармоого буйрук берген милиция кызматкерлерин отурумга алып келүүнү соттон өтүнүштү. Сот ал өтүнүчтү четке какты.

Былтыр 15-ноябрда Жогорку Кеңештин имаратынын жанында бийликтин Кемпир-Абад боюнча чечимине нааразылар топтолуп турган. Ал жерге укук коргоочу катары байкоо салуу үчүн барган Азиза Абдирасулованы милиция кызматкерлери күчтөп алып кетишкен.

Укук коргоочу жана аны менен кошо кармалган активист Сапар Аргымбаев милиция бөлүмүндө Укук бузуулар кодексинин 128-беренеси (“Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө”) менен протокол толтурулгандан кийин кое берилген.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 25-ноябрда Абдирасулованы айыптуу деп таап, ага 3 миң сом айып пул салган эле.

Биринчи инстанциядагы соттук отурумда Абдирасулованы кармап кеткен милиционерлер жана укук коргоочу өзү көрсөтмө берген. Милиционерлер окуя болгон учурда өздөрүнүн кызматтык милдетин мыйзам чегинде аткарганын, эреже бузбаганын айтышкан.

Абдирасулова аны кармап кетүүгө негиз болбогонун билдирип, бул окуяны саясий куугунтук жана буюртма деп атады. Куугунтуктун себебин ал Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп кетишине нааразы болгондордун таламын талашканы менен байланыштырган. (ErN)

XS
SM
MD
LG