Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Ибраев газ маселеси чечилмейинче жарык өчө бере турганын айтты


Таалайбек Ибраев.
Таалайбек Ибраев.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда газ маселеси чечилмейинче, электр энергиясын өчүрүүлөр боло берерин билдирди.

Бул тууралуу министр Жогорку Кеңештин 19-январдагы жыйынында, калкты жылуулук, электроэнергия жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кырдаал жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.

Депутат Дастан Бекешев жарыкты маал-маалы өчүрүү качанкыга чейин уланышы мүмкүн экенин сураган.

"Газдын басымы жок. Газ маселеси чечилмейинче боло берет, аны айтуу кыйын. Кубаттуулуктук көбөйүп кетиши газ түтүктөрүндө басымдын түшүшүнө тиешеси бар", - деди министр Ибраев.

“Газпром-Кыргызстан” биргелешкен компаниясынын өкүлү Арзымат Алдаяров Кыргызстанга газ стабилдүү жана келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө ташылып келип жатканын билдирди. Анын айтымында, азыр Бишкек жылуулук борборуна саатына 9300 куб метр кетип жатат.

Министр буга "газ колдонуп жаткан калк деле басым азайганын сезип жатат", - деп жооп берди. Мындан сырткары жарыкты өчүрүү аба ырайына байланыштуу экенин, суук күчүнөн кайтайынча өчүрүүлөр дагы болушу ыктымалдыгын кошумчалады. Министр кошумча генерация алууга мүмкүнчүлүк жок экенин белгиледи.

Ибраевдин айтымында, Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 450-480 мегаватты түзүүдө. Учурда Бишкек жылуулук электр борборунун кубаттуулугу 330-350 мегаватты алып жатат, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 2926 мегаватт, иш жүзүндө керектөө — 3318 мегаватт. Чектөөлөр киргизилбесе 3740 мегаваттка чыгат.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жер-жерлерде жарык маал-маалы менен өчүп жатканын белгилеп, элге ыңгайлуу болуш үчүн анын жадыбалын берүүнү сураган.

Кыргызстандыктар ар кайсы аймактарда жарык маал-маалы менен өчүп жатканын социалдык тармактарда жазууда. Айрымдары өзгөчө ири шаарлар Бишкек, Ошто электр энергиясынын ар кайсы убакта өчүрүлгөнүнө нааразы болуп жатышат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG