Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

“Кыргыз почтасы” менен OZON Кыргызстанда логистикалык комплекс ачты


“Кыргыз почтасы” менен OZON компаниясынын почта-логистикалык комплексинин ачылышы. 19-январь, 2022-жыл.
“Кыргыз почтасы” менен OZON компаниясынын почта-логистикалык комплексинин ачылышы. 19-январь, 2022-жыл.

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы менен орусиялык OZON компаниясы Кыргызстанда электрондук коммерциянын почта-логистикалык комплексин ачты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады.

“Аламүдүн – эл аралык алмашуунун очогу” (“Место международного обмена – Аламедин”, ММПО Аламедин) деп аталган комплекстин ачылышы 19-январда өттү. Ага аталган эки компаниянын, министрликтин өкүлдөрү жана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчилиги катышты.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова бул комплекс электрондук коммерцияны өнүктүрүүдө өтө маанилүү экенин белгилеп, ал рыноктун бардык катышуучуларына жеткиликтүү шарт түзөрүн айтты.

OZON интернет-компаниясы Орусиядагы электрондук коммерция тармагында экинчи орунда турат. Анын ушундай аталыштагы маркетплейсинде китептен баштап азык-түлүк жана башка 20 категориядагы товарлардын 150 миллиондой түрү сатылат.

“Кыргыз почтасы” соңку жылдары OZON менен бирге иштөөсүн күчөтүп, маркетплейстин товарларын Бишкектеги кеңселеринен берүүнү жолго койгон. Жаңы соода-логистикалык борбор аталган маркетплейстен Кыргызстанга келген товарларды сорттоого жана ыкчам жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

Маркетплейс – бул ар кайсы компаниялар товарларын саткан интернет-дүкөн, кенен соода аянтчасы. Кыргызстанда кийинки кездери Amazon, Wildberries, Ozon, Alibaba, eBay өңдүү онлайн маркетплейстерде ишкердик кылгандар көбөйүп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG