Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:04

Билим берүү министрлиги: Кыргызстандагы мугалимдердин 19% гана эркектер түзөт


Балдарга сабак өтүп жаткан эркек мугалим. Иллюстрациялык сүрөт.
Балдарга сабак өтүп жаткан эркек мугалим. Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын мектептеринде 23 миң 751 эркек киши иштей турганын, бул жалпы кызматкерлердин санынын 19,3% түзөрүн билдирди. Бул тууралуу министрликтин сайтында кабарланат.

Мунун 14 миң 858сү мугалим, алар жалпы мугалимдердин 15,3% болот. Калгандар окутуучулук курамдан башка кызматты аркалагандар.

Нарын облусунда жалпы билим берүү мекемелериндеги кызматкерлердин 24,4% эркектер түзүп, өлкөнүн аймактарындагы эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Баткен облусунда 22,3%, Ош облусунда 20,5%, Талас облусунда 19,7%, Жалал-Абад облусунда 19,3%, Ысык-Көл облусунда 19%, Чүй облусунда 17,7% мугалимдер эркектер. Бишкек шаарында бул көрсөткүч 13,8% болсо, Ош шаарында 20,6%.

Буга чейин коомчулукта мектептерде эркек мугалимдер кескин түрдө азайып кеткени, бул тарбия жана билим берүүдө балансты бузуп жатканы тууралуу маселе айтылган.

KG Analytics интеллектуалдык фонду ушул багыттагы изилдөөсүндө мугалимдердин айлыгы аз болгону үчүн үй-бүлөдөгү чоң жоопкерчилик жүктөлгөн эркектер мектептерде иштегиси келбей турганын аныктаган.

Азыркы президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бюджет көбөйгөн сайын мугалимдердин айлыгы көбөйтүлөрүн убада кылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG