Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

Европадагы тогуз өлкө Украинага "болуп көрбөгөндөй" аскердик жардам убада кылды


Шведдер менен британдар чыгарган танкка каршы NLAW ракетасы.
Шведдер менен британдар чыгарган танкка каршы NLAW ракетасы.

Британия, Польша, Нидерланд баштаган тогуз мамлекет кирген топ Украинага “мурда болуп көрбөгөндөй жардам” берүүнү, анын ичинде негизинен согуштук танктарды жеткирүүнү убада кылды.

“Биз мурда болуп көрбөгөн көлөмдөгү жардамды, негизинен согуштук танктарды, оор артиллерияны, абадан коргонуу каражаттарын, ок-дары жана жөө аскерлер үчүн атайын техниканы Украинага жеткирүүнүн милдетин коллективдүү түрдө алабыз”, – деп айтылат жалпы билдирүүдө.

19-январда британ өкмөтүнүн сайтына жарыяланган билдирүүгө Британиянын, Эстониянын, Польшанын, Латвиянын, Литванын, Даниянын, Чехиянын, Нидерланддын жана Словакиянын коргоо министрлери кол койгон.

Еврокеңештин президенти Шарл Мишел бейшембиде Киевде украин президенти Владимир Зеленский менен жолукту.

"Европа Биримдигине таянсаңар болот, биздин чечкиндүүлүгүбүз майтарылгыс, биз тайсалдабайбыз. Силерге ийиндеш туруп, канча зарыл болсо ошончо жардам беребиз", - деди Еврокеңештин төрагасы басма сөз жыйынында.

19-январда АКШнын коргоо министи Ллойд Остин Лондонго сапар алды, ал британ баш калаасында Украинага немистердин танктарын берүүнү сүйлөшмөкчү.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары жана президент Путиндин таасирдүү кеңешчиси Дмитрий Медведев Telegram каналына Украинанын Батыштагы союздаштары Киевге күчтүү аскердик жардам берип жатканын кескин сындады. Алар "өзөктүк державанын кадимки согушта жеңилип калганы өзөктүк согушка шыкак бериши мүмкүн экенин аңдашы абзел" деп жазды.

Украинада иштеп жаткан төрт атомдук электр станциясы бар. Алардын бири – Запорожье АЭСи апрелдин башынан тартып Орусиянын көзөмөлүндө турат. Анын аймагы да тынымсыз аткылоолорго туш болуп, ал үчүн Москва менен Киев бирин-бири айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG