Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:29

Өкмөттө өспүрүмдөр арасындагы баңгиликти алдын алуу талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинде өспүрүмдөр арасындагы баңгиликти алдын алуу боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында балдар арасында “дары баңгилиги” көбөйүп жатканы айтылды. Таасири күчтүү дарылар дарыгердин кагазы жок берилип жатканы талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов таасири күчтүү дары-дармектердин тизмеси кеңейтилип, аларга тыюу салынарын билдирди.

Балдарга көрсөтмөсү жок дары бергендердин жоопкерчилиги караларын айтты. Саламаттык сактоо министрлиги бул тармакта көзөмөл күчөй турганын билдирди.

Дарыгерлер соңку жылдары Кыргызстанда “дарыкана баңгилиги” күчөп, адамдар, айрыкча өспүрүмдөр маңзат катары кадимки дарыканада сатылуучу атайын каражаттарды көп колдоно башташканын, анын кесепети оор экенин белгилеп жатышат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG