Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:24

Ыктыярчылар жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү


Баткен үчүн Бишкекте жана башка аймактарда гуманитардык жардам чогултулган. Аларды ыктыярчылар уюштурган. 18-сентябрь, 2022-жыл.
Баткен үчүн Бишкекте жана башка аймактарда гуманитардык жардам чогултулган. Аларды ыктыярчылар уюштурган. 18-сентябрь, 2022-жыл.

Жогорку Кеңештин 25-январындагы сессиясында “Волонтердук иш жɵнүндɵгү” мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорун парламенттин бир нече депутаты даярдаган. Анда ыктыярчы, ыктыярчылык иштердин уюштурган уюмдардын укуктары, милдеттери жазылган. Айрым депутаттары чет өлкөлүк жарандардын дагы ыктыярчылык ишмердүүлүгү жөнүндө да эрежелер камтылышы керек экенин сунушташты.

Кыргызстанда ыктыярчылар 2020-жылы коронавирус пандемиясы учурунда бейтаптарга чукул жардам берүү жагынан көп иш жасашкан. Баткендеги окуяда жабыркагандарга, үй-жайын таштап качууга мажбур болгондорго жардам уюштурушкан. Кыргызстанда ыктыярчылар жөнүндө мыйзам буга чейин кабыл алынган эмес. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG